• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Башкы прокуратура депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурап Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, регламент боюнча депутаттар 48 сааттын ичинде башкы прокурордун сунушун кароо үчүн комиссия түзүшү керек.

Төрага комиссия түзүү маселесин кезексиз күн тартибине киргизүүнү добуш берүүгө койду. Анын жыйынтыгында 46 эл өкүлү "макул" болсо, экөө "каршы" чыкты.

Ошентип башкы прокурордун сунушун карай турган депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо жана Динара Ашимова кирди.

Пикир

Оставить комментарий