• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура: Электр энергиянын дээрлик 900 млн сомдук карызы мыйзамсыз эсептен чыгарылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Башкы прокуратурасы тарабынан электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектр”, “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 млн 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

“Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган. Башка учурларда, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.

Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызматкерлердин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен төрт кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий