• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн ишеним телефонун ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруу максатында (0312) 88-90-33 ишеним телефонун ишке киргизди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишеним телефону жеке ишкердик субъекттеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий