• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура: Ишти жаңы баштаган прокурорлор үчүн тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ишти жаңы баштаган прокурорлор үчүн тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» Жарлыгынын талаптарын эске алуу менен, башкы прокурор тарабынан 2020-жылдын 30-декабрында бекитилген «2021-жылга карата КР прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун Окуу-тематикалык планына» ылайык Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан 2021-жылдын 16-19-мартында прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер үчүн кызматтык милдеттерин аткарууда зарыл болгон негизги кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө, көндүмдөргө ээ кылуу максатында кесиптик даярдоо программасы боюнча онлайн окуу курсу өткөрүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар лекцияларды угуп, ошондой эле кесиптик даярдоо программасында каралган конкреттүү кейстер менен практикалык тапшырмаларды аткарды.

Борбордун жетекчилиги онлайн режиминде окуу процессинин натыйжалуу болушу үчүн борбор бардык күч-аракетин жумшагандыгын белгилеп, борборду маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен жабдылоодо техникалык колдоо көрсөтүшкөн Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө, ошондой эле билим берүү процессине активдүү катышкандыгы үчүн Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн лекторлоруна жана Борбордун сертификатталган тренерлерине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий