• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура каражатты уурдоо фактысы боюнча расмий билдирген жок – Улуттук госпиталь

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Улуттук госпиталдын администрациясы мыйзамсыз которуу жолу менен акча уурдоо фактысы тууралуу маалыматты ЖМКлардан билгенин жана Башкы прокуратура аталган иш боюнча расмий билдирүү жөнөтпөгөнүн билдирет.

Мындан мурда ЖМКларда республиканын башкы көзөмөл органы тарабынан жогоруда аталган госпиталга текшерүү жүргүзүүдө жок адамдын жана кызматтан бошотулган жактардын банктык эсеп картасына мыйзамсыз акча которуу аныкталганы тууралуу маалыматтар тараган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ыйгарып алынган каражаттын жалпы суммасы 883 миң 746 сомду түзгөн.

Өз кезегинде КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аталган маселе боюнча министрлик укук коргоо органдары менен тыкыс кызматташып жатканын жана тиешелүү органдар же ведомствонун аудиторлору тарабынан аныкталган ар бир каржылык мыйзам бузуу сот органдары аркылуу чечилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий