• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратура: Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"КР Башкы прокуратурасы, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б.,Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 24-февраль күнү кылмыш ишинин материалдары менен таанышуунун жыйынтыгында айып актысы Башкы прокуратура тарабынан бекитилген.

"25-февраль күнү айып актысынын көчүрмөсү жогоруда аты аталган адамдарга берилип, ошол эле күнү кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Учурда иш ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан иликтенүүдө", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Пикир

Оставить комментарий