• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 16 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Башкы прокуратура коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке дагы 16 млн. сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-июнда Башкы прокуратура Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсепке 16 млн. 422 миң 556 сом 46 тыйын которгон.

Жалпысынан Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан тарта 409 млн. 842 миң 752 сом 36 тыйын которгон.

Пикир

Оставить комментарий