• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 2,2 млн. сомдон ашык каражат которду

Экономика 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Башкы прокуратура экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 2 млн. 259 миң 84 сом которду.

Көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 30-октябрына карата Бирдиктүү депозиттик эсепке жалпы 134 млн. 872 миң 168 сом чегерилген.

Пикир

Оставить комментарий