• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратура коррупция менен күрөш эсебине 32 млн. сом которду

Экономика 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Башкы прокуратура коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 32 млн. 402 миң. 135 сом которду.

28-сентябрда Башкы прокуратура Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсепке 32 млн. 402 миң. 135 сом суммасындагы кажаратты которгон.

Бирдиктүү депозиттик эсепке прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 123 млн. сом өлчөмүндөгү зыян кайтарылган.

Аталган багытта иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий