• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башкы прокуратура: КР Президентинин администрациясынын мурдагы башчысына карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. КР Президентинин администрациясынын мурдагы башчысы “Т.К.” (Тойчубек Касымов) карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан КР КК 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316 (шалаакылык) беренелерине ылайык К.Т. карата козголгон кылмыш ишинин материалдарынын жоголуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

К.Т. КР Президентинин администрациясынын башчысы болуп туруп, 2004-жылдын 4-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине анын тууганы С.М. аттууга Бишкектин Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан КР Президентинин Иш башкармалыгынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо борборуна таандык 0,6 га жер тилкесин берүү тууралуу мыйзамсыз көрсөтмө бергендиги аныкталган. Андан кийин мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкесине жеке адамдар тарабынан 6-кабат имарат курулган.

Бул факт боюнча 2007-жылдын 15-мартында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан КР КК 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө К.Т. тыштан айып тагылып, ал издөөгө жарыяланган. Айыпталуучунун кайда экендиги аныкталбагандыктан кылмыш иши боюнча тергөө токтотулган.

2017-жылдын мартында мурда КР саламаттык сактоо мекемелерине таандык жер тилкелерин бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн алкагында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан ИИБден бул кылмыш ишинин материалдары суралган. Бирок, бул кылмыш ишинин материалдары архивден табылган эмес. Буга байланыштуу, Биринчи Май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Кылмыш ишин тергөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча Башкармалыгына тапшырылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи Май райондук ИИБде К.Т. га байланыштуу издөө иштеринин материалдары жоголгондугу аныкталды. Учурда бул маселе боюнча кызматтык тергөө жүрүүдө. Жыйынтыгы боюнча кылмыш-процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий