• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура: Мамлекетке 139 млн сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Мамлекетке 139 млн сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы жана кыргыз транспорттук прокуратуралары биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн атайын түзүлгөн туруктуу схема менен мыйзамсыз жеңилдиктер берилгендиги аныкталган.

Атап айтканда, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жана чет өлкөлүк «Г.Э» компаниясынын ортосунда «Эл аралык каттамдарда жүк ташуу үчүн кызмат көрсөтүү жөнүндө» түзүлгөн келишимдин алкагында «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдары эл аралык каттамдары боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн көрсөтүлгөн чет өлкөлүк компанияга 1 тонна жүккө 60 АКШ доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген тариф белгиленген.

Ал эми ушул сыяктуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн башка компаниялар үчүн 1 тонна жүккө 95 евро өлчөмүндөгү тариф каралган.

Натыйжада, 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыгында чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктер берилгендигинин кесепетинен улам, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын пайдасына 1 789 726, 68 АКШ доллары же 139 598 681 сом өлчөмүндөгү тийиштүү төлөмдөр алынган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдарынын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын ЖКнын 233-бер. 2-бөл. (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгондуктан, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикир

Оставить комментарий