• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратура, Омбудсмен аппараты, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор жана ЖАМК өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Жаза-аткаруу системасынын мекемелеринде жана органдарында мыйзамдарды сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратуранын, КРнын Акыйкатчы аппаратынын, Кыйноолорду жана башка адамдын кадырына доо кетирген зулумдук аракеттерди алдын алуу боюнча КРнын улуттук борборунун жана КР Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамкызматынын ортосунда 2017-жылдын 10-февралында өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматыбилдирди.

Аталган документ камактагы жарандын укугун жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу максатында макулдашылган иш-аракеттерди комплекстүү ишке ашыруу үчүн тараптардын өз ара кызматташуусунун негизги формаларын аныктайт.

Меморандумдун алкагында Жаза аткаруу мекемелерине биргелешкен текшерүүлөрдү капыстан жүргүзүү пландалган. Ошондой эле кыйноолорго каршы мыйзамдардын аткарылышына, анын ишин оптимизациялоого, мыйзамды гумандаштырууну камсыз кылууга анализ жүргүзүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий