• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Башкы прокуратура Президенттин ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу - юрист

Коом 0

Бишкек, 22-май /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана абийирин коргоо тууралуу доо арыз менен кайрылганда мыйзам чендүү жана туура жасаган. Бул тууралуу юрист Икрамидин Айткулов, Башкы прокуратуранын бир катар ЖМКларды мамлекет башчынын ар-намысын жана абийирин коргоонун алкагында сотко беришин түшүндүрүүдө билдирди.

«Эгерде мындай мыйзам болсо жана ал Президенттин ар-намысын жана абийирин коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттендирип, укук берсе, демек, Башкы прокуратура муну жасоого укуктуу. Ошондой эле, соттошуу –кадыресе көрүнүш деп ойлойм. Сотто кимдики туура, ким күнөөлүү экендиги аныкталат. Мында өзгөчө эч нерсе жок», - деп белгиледи И.Айткулов.

«Прокурордук жооп кайтаруунун башка чаралары» дегенди түшүндүргөн жактоочу күнөөнү аныктоо жана мыйзамдарды туура чечмелөө – бул соттун иши экендигин баса белгиледи.

«Соттор кимдики туура, кимдики чын эместигин аныктоо үчүн иштешет. Ким мыйзамды туура түшүнөт, а ким муну туура эмес жасайт. Ушуларды сот аныктайт», - дейт И.Айткулов.

Анын пикиринде, КР Башкы прокуратурасы ал Президенттин ар-намысын жана абийирин коргоо үчүн сотко доо арызы менен кайрылып туура жана мыйзам чендүү аракет жасаган.

«Себеби, айрым органдар жана ЖМКлар өтө берилип кетишет жана кээ бир учурда маалыматтарды негизсиз, каралап жарыялашат. Кандай болсо да, президент деген президент. Президенттин кызматын сыйлоо керек. Эгерде бир нерсе жазса, негиздүү жазуу керек, ал эми жөн гана каралоо – жакшы эмес. Ошондуктан, ушундай мыйзам кабыл алышкан. Бул мыйзам кабыл алынып жатканда, эч ким каршы болгон эмес, эми ал колдонулуп жатканда, бир нерсе жакпай жатабы?», - деп собол салат И.Айткулов.

«Мен адамдар цивизациялуу жол менен сотто бардык маселелерди чечип жатканы кадыресе көрүнүш деп ойлойм. Бул туура», - деп жыйынтыктады И.Айткулов.

Пикир

Оставить комментарий