• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура: Жапаров жатак-абакка которулбайт жана жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулбайт

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. КР Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда аталган кодекстерде жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга колдонулбайт жана уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасап соттолгондор жатак-абакка которулууга жатпайт деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, С.Жапаров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 30-беренесинин 4-б. (кылмышка шериктеш болуу), 227-беренесинин 2-б. 1,3-п. (барымтага кармоо) менен күнөөлүү деп табылып, 11-жыл 6-айга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 16-беренесинин 3-б. 3-п. негизинде жасаган кылмышы өзгөчө коркунучтуу өнөкөттө жасалды деп табылган.

Аталган өкүм Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмү менен өзгөртүүсүз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-июнундагы токтому менен күчүндө калтырылган.

Жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигине байланыштуу С.Жапаровдун кылмыш иши кайра каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен жогоруда белгиленген соттук актылар Кыргыз Республикасынын ЖКнын талаптарына ылайык келтирилип, С.Жапаров аталган Кодекстин 43-беренесинин 2-б. (кылмышка шериктеш болуу), 244-беренесинин 2-б. 1,2-п. (барымтага алуу) менен 10-жылга эркиндигинен ажыратылып, соттук актылардан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесинин 3-б. 3-п. алынып салынып, соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын ЖКнын 43-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеп уюштурган адам деп таанылат.

Пикир

Оставить комментарий