• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министринин этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим ЖМКларга жарыяланган жана жарандардан келген маалыматтарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин Талас облусунун өкүлдөрүнө карата айтылган сөздөрү тараган, өлкөнүн башкы көзөмөл органы министрдин жүрүм-туруму этикага туура келбейт деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий