• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура санариптештирүү жаатында ЕККУ менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Башкы прокуратура санариптештирүү жаатында ЕККУ менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 31-мартта ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер Фон Аркс Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын электрондук маалымат базасын түзүү боюнча ишмердүүлүгүн колдоо максатында техникалык жабдууларды тапшырды.

Жаңы жабдуу Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри тутумундагы кылмыш статистикасын чогултууга жана талдоого жардам берет. Ошондой эле Башкы прокуратурага кылмыштуулуктун алдын алуу жана мыйзамдуулуктун башкы максаты болгон аналитикалык куралдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев башкы көзөмөл органы менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын оң тенденцияларын белгилеп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жаатында иштин натыйжалуулугу жогорулагандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жемиштүү кызматташтык үчүн жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчисинин миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин буйругуна ылайык, Пьер Фон Аркс ведомстволук медаль менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий