• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратура “Сентябрь” каналын сотко бергендигин тастыктады

Коом 0

Бишкек, 22.08.17. /Ислам Розиев – Кабар/. Башкы прокуратура “Сентябрь” телеканалын экстремисттик маанайдагы материалдарды жайылтты деген жүйөө менен сотко арыздангандыгын тастыктады.

Бирок, “Кабарга” башкы көзөмөл органынан кайсы материалдар үчүн арыздангандыктарын айтышкан жок. Телеканалдын өкүлү Кайыргүл Умурканова “Kloop.kg” агенттигинин журналисттерине билдиргендей, каналга расмий чакыруу келе элек.

Телеканалдын кызматкерлерине Башкы прокуратуранын өкүлү чалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 22-августта келгиле деп чакырган. Ошондой эле Умурканова кайсы “экстремисттик маанайдагы материалдар” тууралуу сөз болуп жатканын билбей тургандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий