• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура Социалдык өнүгүү министрлигинде дипломаттык паспортторду жеке максаттарда колдонуу фактыларын аныктады

Коом 0

Бишкек, 26.09.18 /Кабар/. Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде пландык текшерүү жүргүзүүнүн алкагында тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамдын, кызматтык жана дипломаттык паспорттор жөнүндө жобонун талаптарын бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 12-сентябрында дипломаттык кызматтык паспортторду министрликте иштеп жаткан жана жумуштан айдалган кызматкерлерге берүү, колдонуу жана кайтарып алуу боюнча уюмдун туура эмес иштерине байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысына карата Башкы прокуратура тарабынан административдик укук бузуулар тууралуу иш боюнча өндүрүш козголуп, материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

“Текшерүү учурунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги тарабынан дипломаттык паспортторун жеке максаттарда колдонуу фактылары аныкталды”, - деп билдиришти прокуратурадан.

Учурда аталган багыттагы текшерүү уланууда, анын жыйынтыгында министрликтин кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Эске салсак, Сеул аэропортунда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова рейстен алынган. Ал окуядан кийин жогорку макамдагы мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык жана жеке сапарлары боюнча талкуулар пайда болгон. Депутат Аида Касымалиева мамлекеттик кызматкерлер дипломаттык паспортторун жеке сапарлары, эс алуулары үчүн колдонушарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий