• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Башкы прокуратура: “Түндүкэлектр” ишканасынын кызмат адамдары камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу адамдары кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасы тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 39 млн сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О., жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий