• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратура Талас облусунун ишкерлеринин кайрылуусуна жооп берди

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан ишеним телефонуна түшкөн кайрылуунун жана ишкердик субьектинин арызынын негизинде жеке ишкердин ишин мыйзамсыз токтотуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-январында салык кызматынын жооптуу кызматкерлери өз кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, КРнын «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» жана «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Талас облусунун Талас районунда жайгашкан жеке ишкердин ишин 15 күнгө мыйзамсыз токтотушкандын натыйжасында ишкананын нормалдуу иштөөсү узак убакытка бузулуп, ишкердин мыйзам менен корголгон укуктары одоно түрдө жабыркаган.

2021-жылдын 31-мартында жогоруда аталган жооптуу кызматкерлерге карата чогултулган материал КР ЖКнын 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, КР «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 2-1-беренесине ылайык КР мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде аларды токтотууга жол бербөө ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери болуп эсептелет.

Эске салсак, КР президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» 2021-жылдын 29-январындагы Жарлыгын аткаруу максатында өлкөнүн прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилген. Укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдары тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү же тоскоолдук кылуу фактысы орун алса алар прокуратура органдарынын күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрөт.

Башкы прокуратуранын инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишеним телефону (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.

Пикир

Оставить комментарий