• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура Улуттук госпиталдын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу КР БП басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, республиканын башкы көзөмөл органы КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынан түшкөн материалдар боюнча аталган госпиталда уурдоо фактысы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

“Текшерүүдө жогоруда белгиленген госпиталдын кызмат адамдары жок адамдардын жана буга чейин бошотулган жумушчулардын атындагы банк карточкаларына эмгек маянасын которуу аркылуу акча каражаттарын ыйгарып алгандыктары аныкталды”, - деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Белгиленген кызматкерлерге карата КР кылмыш кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу, 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу), 315 (кызматтык жасалма документ жасоо) жана 166 (алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала маалыматтар боюнча ээлеп алынган акча каражаттарынын жалпы суммасы 883 миң 746 сомду түзгөн.

Бул кылмыш ишин иликтөө КР УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий