• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура жана JIA Бизнес ассоциациясы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасында ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында башкы прокурор Курманкул Зулушев «JIA Бизнес-ассоциациясынын» өкүлдөрүн кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттик органдардардын көптөгөн текшерүүлөрүнүн ишкердикке тийгизген таасирлери, салык органдары тарабынан салык санкцияларынын ашыкча чегерилишинин көйгөйлөрү, объектилерди курууда уруксат берүүчү документтерди алууда түрдүү тоскоолдуктар бар экендиги, муниципалдык бийлик тарабынан жер тилкелерин бөлүүдө жана аларды пайдалануудагы тоскоолдуктар боюнча сөз жүрдү.

Аталган жолугушууда башкы прокурор Зулушев КР президентинин ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатындагы 2021-жылдын 29-январындагы жана 2021-жылдын 4-мартындагы Жарлыктары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти.

Эске салсак, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдары тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү же тоскоолдук кылуу фактысы орун алса прокуратура органдарынын күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий