• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Башкы прокуратура жаш өспүрүмдүн укугун коргоо үчүн ИИМге сунуш келтирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Башкы прокуратура жаш өспүрүмдүн укугун коргоо үчүн ИИМге сунуш келтирди.

Прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жарыяланып жаткан «Алты жашар бала сабалып ооруканага жаткырылды», - деген аталыштагы интернет макала боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп жыйынтыгы менен төмөндөгүлөрдү аныктады.

2020-жылдын 18-ноябрында Улуттук госпиталдын №1 нейрохирургия бөлүмүнө 2014-жылдын 28-июнунда туулган жашы жетелек А.Р. денесине алган бир канча жаракаттары менен жаткырылган. Жаш өспүрүмдүн апасынын көрсөтмөсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 18-ноябрына караган түнү анын жолдошу Б.А. (баланын өгөй атасы) Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнө мас абалында келип, эч себепсиз жашы жетелек өгөй баласы А.Рны. ур-токмоко алгандыгы тастыкталган.

Окуя боюнча топтолгон материал Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБи тарабынан КР Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши караштуулугу боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБне жиберилди.

Азыркы учурда жаш өспүрүмдүн саламаттыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы жосун орун алган учурдан тартып ички иштер органдарынын тийиштүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузушуп жабырлануучу жаш өспүрүмгө (мыйзамдуу өкүлүнө) убактылуу коргоо ордерин тапшырышкан эместиги аныкталган.

Аны менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден алардын компетенцияларынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдарын алуу укугуна ээ болот.

Убактылуу коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет деп Мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жашы жетелек А.Р. мыйзам менен кепилденген укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилип жаткан коркунучту четтетүү максатында 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Ички иштер министринин наамына мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө прокурордук сунуш келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий