• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура ЖЭБдеги аварияны тергөөнүн жүрүшү жана жаңы фактылар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 30.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын жаңы фактылары ачылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.

Бирок тергөө кызыкчылыгында жаңы жагдайларды ачыктаган жок.

2018-жылдын 26-январында Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Тергөө кызыкчылыгында анын деталдары тууралуу айта албайм. Бул 316-берене боюнча козголгон иш, бирок кылмыштын жаңы фактыларынын аныкталышы менен юридикалык баа берүүгө өзүнчө материал топтолууда. Жыйынтыгында мунун баары бир топтолуп, сотко жөнөтүлөт”, - деп түшүндүрдү Дүйшембиев.

Ал бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө бөлүмү тарабынан тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий