• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аламүдүн районунда 58 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Коммерциялык багытта иштетилип келген мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан социалдык объектинин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Текшерүүдө “Биримдик-Кут” конушунун башкы планында мектептин орду катары көрсөтүлгөн жер тилкеси үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында коммерциялык багытта иштетилип келгендиги аныкталган.

Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн 175 миң сомдук 1,79 га жер аянты Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып, учурда муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий