• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Максаты

Президент 0

Бишкек, 16.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. КР Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.

“Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл”, - дейт өлкө башчысы.

Президент Жапаров кошумчалагандай, Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышууда.

Анын алкагында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий