• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратурада коллегиянын кеңейтилген отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коллегиялык жыйындын күн тартибинде прокуратура органдарынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланып, башкы прокурор тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча тийиштүү талаптар коюлду.

Аталган жыйынга прокуратура органдарынын аймактардагы прокурорлору жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий