• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратурада шайлоо мыйзамдары боюнча онлайн-тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде прокуратура огандарынын, шайлоо комиссияларынын, ички иштер органдарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери» аталышындагы бир күндүк онлайн-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 117 кызматкер, анын ичинде аймактык прокуратуралардын жетекчилик курамы катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар шайлоо мыйзамдары, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону өркүндөтүү, шайлоо мыйзамдарынын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аларды бузган адамдарды жоопко тартуу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, тийиштүү прокурордук жөнгө салуу актыларын киргизүү, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү боюнча зарыл болгон теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алышты.

Пикир

Оставить комментарий