• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Башкы прокуратурага Ө.Текебаевдин Президенттин чет өлкөдөгү мүлкү тууралуу билдирүүлөрүн текшерип чыгуу тапшырылды

Саясат 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин Кипрден Мамлекет башчысынын мүлкү боюнча материалдарды “тапканы” тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү өлкө Башкы прокурору Индира Жолдубаевага тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Президентти жана коомчулукту маалымдоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий