• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башкы прокуратуранын делегациясы Сауд Аравиясына иш сапары менен барды

Саясат 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын делегациясы, Тышкы иштер жана Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү менен биргеликте Сауд Аравия Королдугунун Башкы прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин жооптуу кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушууларга катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Конструктивдүү жана достук атмосферада өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын кароосунда турган кылмышкерлерди жана соттолгондорду өткөрүп берүү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү макулдашуулардын долбоорлору талкууга алынды.

Мындан сырткары, тараптар кылмыш иштеринин алкагында өз ара укуктук жардам берүү аркылуу кылмыштарды алдын алуу, тергөө жүргүзүү, кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу жана кылмыштарга бөгөт коюу боюнча кеңири спектрдеги маселелер тууралуу пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнү көздөп, биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий