• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев: Өлкөдө баш аламандык болушун каалаган көп күчтөр али бар

Президент 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда, Бишкекте Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөрдү пайдаланууга берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө прокуратура кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, милиция, прокуратура, күч органдарына мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай, турак жайы жана жакшылыктан үмүтү жок болгон мезгилди эске салды.

Президент акыркы жылдары прокуратурада жүргүзүлгөн реформаларга токтолуп, анын натыйжасында иштин сапаты сезилерлик жакшыртылып жана көзөмөлдөөчү органдын кадрдык курамы тазаланып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында прокуратура иликтөө жүргүзүү укуктарынан ажыраган. “Ошону менен бирге көзөмөл күчөтүлдү. Прокуратура чындыгында мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп турууга тийиш. Мамлекет башчысынын эмес, мамлекеттин. Сиздер мамлекеттин атынан атка минерлер мыйзамдарды кандай сактап жаткандыгына көз салып, өзүңөр таза жана ак ниет иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүгө тийишсиздер”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы прокуратуранын ишинин сапатын жогорулатуу боюнча иш улантылууга тийиш экендигин баса белгиледи, анткени өлкөдө баш аламандык болушун каалаган көп күчтөр али бар. “Аларга өлкөбүз, өлкөдөгү туруктуулук кереги жок. Аларга демократиянын кереги жок, аларга баш аламандык керек. Бизге болсо чыныгы демократия керек. Ал эми демократия – мыйзамдын диктатурасы. Мыйзамдын катуу сакталышын прокуратура көзөмөлдөөгө тийиш. Ошондуктан прокуратуранын мааниси күчөтүлө берет. Биз артка кайра кайрылууга жол бербейбиз. Биздин өлкө бардык жарандар үчүн өлкө болууга тийиш. Биз ушул жолду таптык - биз адамдар үчүн иштеп жатабыз. Биз бул жолубуздан тайбайбыз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүн аяктап, Мамлекет башчысы көзөмөлдөөчү ведомствонун жетекчиси Индира Жолдубаевага үйдүн короосунда балдар үчүн аянтчанын курулушуна 300 000 сомго сертификат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий