• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна эки имарат курулат

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Башкы прокуратуранын өрттөнгөн эски имаратынын ордуна эки жаңы имарат курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жумада Түлөбаев прокуратуранын имаратынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрукка кол койгон.

Жакынкы арада долбоорлоо иштерине тендер жарыяланат.

"Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна эки имарат курулат. Алардын бирине Бишкек шаардык кеңешинин аппараты жана экинчисине шаардык кызматтар жайгаштырылат. Эки имарат тең жети кабаттуу болот", - дейт Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий