• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Башкы прокуратуранын улук прокурору Уланбек Амиров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын прокуратура органдары оор жоготууга учурады.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, бүгүн, 4-февралда оорудан улам Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Амиров Уланбек Ильязович 49 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Уланбек Амиров 1973-жылдын 16-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “укук таануу” адистиги боюнча аяктап, прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып стажер-жардамчы катарында эмгек жолун баштаган.

Ал көзөмөл органында жалпысынан 26 жылдан ашуун эмгектенип, аталган жылдар аралыгында Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустук прокуратура органдарында жана Башкы прокуратурада түрдүү кызматтарды аркалап, бөлүм башчы, райондун прокурору катары жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Уланбек Ильязович кесипкөй адис, юридикалык жактан компетенттүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер, прокуратура кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка ээ инсан катары эсибизде сакталып калат.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий