• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратуранын жетекчилиги БУУнун өкүлү менен жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда КР башкы прокурорунун орун басары Жамиля Жаманбаеванын БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Х.Шоддер эл аралык укуктун негизги принциптерин сактоо менен качкындарды укуктарын коргоо жаатында прокуратура кызматкерлерин окутуу боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Жаманбаева Кыргызстанда качкындардын, башпаанек издегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле сактоону камсыз кылуу жаатында башкы көзөмөл органы менен БУУ КЖКБнын кызматташтыгынын ийгиликтүү болуп жаткандыгын, мындан ары бул багыттагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жылуу кабыл алаарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул багытта биргелешкен долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий