• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандар менен жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Бүгүн Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан жыйырмага жакын жаран тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук иштердин негизсиз создуктурууларына, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн айланасындагы талаштар боюнча талаптары менен кабыл алынды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кабыл алуунун жыйынтыгы менен тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлерине конкреттүү көрсөтмөлөр берилди.

"Жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналгандыгын белгилеп кетмекчибиз. Аталган багыт боюнча жумуш улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий