• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууларга карата жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган 20дан ашык жаран кабыл алынды.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий