• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокурор: 2010-жылдан кийин акча чыгарып кетүү боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. 2010-жылдан кийин Кыргызстандан акча чыгарып кетүү боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, санаториялар жана Соцфондго байланыштуу ячейкаларды ачуу боюнча иштер болгон. “2010-жылдан бер акча чыгарып кетүү боюнча расмий козголгон кылмыш иши жок”, - деп билдирди ал.

Жамшитов билдиргендей, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн финансы боюнча кеңешчиси Евгений Гуревич жакында эле ЖМКга берген маегинде акча алып чыгуу боюнча конкреттүү фактыларды атаган эмес.

“Ал 200-300 млн. доллар деп айтты. Жада калса бул сандар да так эмес. Ал эгерде аны актап чыгышкан убакта гана кийин ойлонуп көрө тургандыгын билдирген. Биз буга кантип жол беребиз, эгерде ал бул жакта соттолгон болсо”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий