• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башкы прокурор: 2018-жылы милиция кызматкерлерине 156 кылмыш иши ачылган

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. 2018-жылы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлерине 156 кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин отурумунда өзүнүн отчетун тааныштырып жатып билдирди.

Ал белгилегендей, прокуратура кызматкерлерине 2 иш, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 14 иш, баңгизат менен күрөшүү органдарында 10 иш, жаза аткаруу кызматындагыларга 17 иш, Финансы полициясынын кызматкерлерине 9 иш козголгон.

Андан тышкары, соттор боюнча 12 кылмыш иши ачылган.

Пикир

Оставить комментарий