• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Башкы прокурор: Айрым кызматкерлердин кызыкчылыктары үчүн ишти создуктурууга жол берилбеши керек

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Айрым кызматкерлердин материалдык кызыкчылыктары үчүн ишти создуктурууга жол берилбеши керек. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын кеңейтилген коллегиясынын отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Маалыматка ылайык, Курманкул Зулушев азыркы учурда тергөө органдарында, айрыкча финансы полициясында жарандык мамиледен келип чыккан талаш-тартыштар боюнча алдамчылык фактысы (мошенничество) менен иш козголуп, камакка алынып, ортодогу акчаны бир тарапка өндүрүп бергенден кийин же сотко жибере албай, же кыскарта албай жаткан иштер абдан көп экенин баса белгиледи.

“Мындай жагдайда жарандардын конституциялык укуктары бузулуп, тергөө органдары болсо коррупциялык элементтерге айланып баратат. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ким «тиешелүү адамдар» менен «сүйлөшсө» катталып тергелип, «сүйлөшпөсө» унутта калып, каралбай калган учурлар болбошу зарыл! Ошондой эле айрым бир кызматкерлердин материалдык кызыкчылыктары үчүн ишти создуктурууга жол бербешибиз керек! Жалпысынан алганда прокурордук көзөмөл – ар бир жарандын укугун коргоого, мамлекеттин гана кызыкчылыктарын мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырууга жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталып, коомчулуктун ишеничине ээ болушу кажет. Ал эми жетекчилер, көп жылдар чечилбей келген арыз-кайрылууларды орун басар же жардамчыларга берип койбой жеке кароого алып өзүңүздөр чечиңиздер. Бул менин талабым”, - деди Курманкул Зулушев.

Ошондой эле башкы прокурор 2021-жылда өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу, алдыбызда конституциялык реформа, парламенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун жаңы формасы менен иш алып баруу өңдүү олуттуу маселелер бар экенидигин, Конституциялык реформанын алкагында прокуратура органдарына дагы жаңы милдеттер коюлуп жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий