• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокурор Атамбаевди статусунан ажыратуу маселеси боюнча иликтөө корутундусу менен тааныштырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Башкы прокуратура экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, корутундусунда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, демилгечи топтун (40 депутат) айыптоосунда Атамбаев президент болуп турганда бийликтин бардык бутактарын өз кызыкчылыгына колдонуп, уюшкан кылмыштуу топ түзүп, анын режимине каршы чыккан парламенттин депутаттарын, судьяларды, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктаганы көрсөтүлгөн.

Бул пункт боюнча Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин айыптоолорго түз тиешеси жок деген бүтүмгө келди.

Координациянын көзөмөлү жана анын тапшырмасы менен «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши уюштурулган. Бул пункт боюнча башкы прокурор Атамбаев Батукаевди бошотуу боюнча Атахановго буйрук бергени тууралуу окуп берди. Тергөө учурунда топтолгон материалдар жарыяланбайт.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура бул айыптоодо Жазык кодексиндеги 319-берененин 2-бөлүмүндөгү кылмыштын белгилери бар деп эсептейт.

Айрым кызматкерлердин, «Дастан» ААКтын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин жардамы менен Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкени мыйзамсыз алып, үй курган.

Башкы прокурордун айтымында, бул пункт боюнча да Жазык кодексиндеги 319-беренедеги кылмыштын белгилери бар.

2017-жылы Пархати аттуу жаран Атамбаевден «НПП Форум» ЖЧКны алган. Пархати 2016-жылдын 16-январынан бери «Хуасинь» инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелинет. 2015-жылдын 8-декабрында Токтосун Түмөнбаев «Хуасинь» ЖЧКны кайра каттоо үчүн Юстиция министрлигинин эсебине 247 сом төлөгөн. «Хуасинь» ЖЧКсы Чаткал районундагы сурьма кенин иштетүүгө уруксат алуу үчүн 1,5 млн сом бонус катары берген. Комиссия эсептегендей, аталган факт Пархати менен Түмөнбаев бириккен жак экенин далилдейт. Түмөнбеав Касан-Сайдагы сурьма кенин иштетүү укугуна ээ болгон «Терексай жаштары» ЖКЧнын төрагасы болуп саналат. «Терексай жаштары» ЖЧКнын негиздөөчүсү — «Синьцзян эл аралык Бизнес Ру соода компания» ЖЧКсы. «АКА» ЖЧК менен Чолпон Абдилназаровна жана «Терексай жаштары» салык жана башка төлөм катары 276 млн сом төлөгөн. 2018-жылы «АКА Петролеум», «АКА Инвест» ЖЧКнын түзүүчүлөрү менен Касым Курбанов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу ниетин айтышкан. Комиссия бул компаниялар Атамбаев менен бириккен жак болушу мүмкүн деп эсептейт.

Башкы прокурордун айтымында, бул айыптоодо Жазык кодексинин 319-беренесиндеги кылмыштын белгилери бар.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча да Жазык кодексиндеги 319-беренедеги кылмыштын белгилери бар.

2016-жылы 1-декабрда мурунку башкы прокурор Аида Салянова социалдык түйүндөгү баракчасына «Прогресс компани» ЖЧКнын Бишкек ЖЭБге мыйзамсыз көмүр жеткирүүсүнө Атамбаевдин тиешеси бар экенин жазган. Катта кылмышка эл арасында «Граф» атка конгон казак олигархынын тиешеси бар экени көрсөтүлгөн.

Бул пункт боюнча да Жазык кодексиндеги 319-беренедеги кылмыштын белгилери бар.

Андан тышкары, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарды Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу маселеси боюнча иликтөө корутундусу менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда түзүлүп, Башкы прокуратурага өзүнүн иликтөө жыйынтыгы боюнча корутундусун 20-июнда тапшырган. Комиссиянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий