• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокурор депутаттардан Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрүнөн депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев сунуш бүгүн эртең менен келип түшкөндүгүн айтты.

"Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт. Аталган мыйзамдарга ылайык, комитет төмөнкүдөй чечимге келди: башкы прокурордун сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселе киргизилсин", - деди Алиев.

Учурда аталган маселени депутаттар талкуулап жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров бир нече ирет Башкы прокуратурага кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий