• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Башкы прокурор: Сапар Исаков – Бишкек ТЭЦиндеги авариянын башкы күнөөкөрү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ – ТЭЦ) авариянын башкы күнөөкөрү. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, кытайлык ТВЕА компаниясы менен өлкө үчүн пайдасыз макулдашуу түзүлүшүнө Исаков күнөөлүү.

"Ал өз максатын аягына чыгаруу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан", - деди Жамшитов.

"2013-жылы 28-июнда ал өкмөттүк түзүмдөргө Бишкек Жылуулук электр борборуна модернизациялоо жүргүзүү үчүн 386 млн. доллар насыя алууга протоколдук тапшырма берген. Тергөөнүн жүрүшүндө ЖЭБдеги модернизациялоо жана авариянын байланышы боюнча жагдай аныкталган. Мисалы жаңы энергоблоктордун кубаты мурдагы жабдыктарды алмаштыра албайт. ЖЭБдин модернизация болгон бөлүгүнүн максаты эски жабдыкка жардам гана болгон. Жаңы энергоблокту курбай эле мурдагы жабдыкты оңдоого же алмаштырууга болмок", - деди башкы прокурор.

Жамшитов кылмыш ишин талдоодон кийин 2013-жылы модернизациялоо чечими шашылыш кабыл алынган жана кытайлык компания менен келишим экономикалык жана техникалык негиздемесиз түзүлгөн деген тыянак чыгарса болорун айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана аны калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий