• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокурор: Карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот

Коом 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Парламентте Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ – ТЭЦ) авариянын себептерин изилдөө жана аны калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча маалымат угулуп жатат.

"Эми экономикалык жагын карап көрөлү. Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн өзү акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 2,90 сом, ал эми сатуу наркы 0,7 сом. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергияга болгон тарифтердин баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга түздөн түз материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет", - деди Жамшитов.

Башкы прокурордун пикиринде, эгерде 386 млн. доллар кредит алууда техникалык экономикалык негиздеме түзүлсө, анда бул маселелер талкууга алынмак.

"Бирок 2013-жылы жеке адамдын принципиалдуу кызыкчылыгы жалпы элдин кызыкчылыгынан жогору коюлуп, кыска мөөнөттө ЖЭБди оңдоо аракеттеринен улам, кыргыз мамлекети 20 жыл бою чоң өлчөмдө кредит төлөөгө дуушар болду", - деди башкы прокурор.

"Ушундай баа менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун канчалык зарылчылыгы бар эле деген суроо жаралат", – ден кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий