• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокурор: Конституциянын жаңы редакциясында натыйжа бере турган жакшы нормалар бар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы редакциясында жакшы натыйжа бере турган көптөгөн жаңы жана жакшы нормалар бар. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманбек Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.

“Өзүңүздөр биргендей, ар бир мыйзам долбоору кабыл алуу процедураларынан өтөт. Бул жерде да ошондой. Референдумда эл мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүүгө даяр экенин көрсөттү. Сиздер дагы, мен дагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп, акыркы жыйындарына катыштык. Мен мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугун Башкы прокуратурага жана Жогорку сотко бергени үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз демилгелейбиз, бирок акыркы сөздү парламент айтат. Мурдагыдай эле, парламент мамлекеттин тагдырында башкы ролдордун биринде ойнойт”,-деди Зулушев.

Башкы прокурордун айтымында, Конституциянын жаңы долбоорунда натыйжа бере турган көптөгөн жаңы жана жакшы нормалар бар.

“Ошондой болсо да бул акыркы эмес, дагы деле жаңы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн экенин белгилегим келет”,-деди Зулушев.

Пикир

Оставить комментарий