• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокурор коррупцияга малынган үч маморганды атады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майда парламентте отчёт берип жатып 2019-жылдын эсеби менен коррупцияга малынган үч мамлекеттик органдарды атады.

Анын айтуусунда, козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча Транспорт министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы алдыда.

«Азыркы учурда айрым иштер боюнча териштирүү уланууда. Ошондой эле элдин Башкы прокуратурага болгон ишеними тиешелүү деңгээлде эмес. Бул багытта ишенимди жогорулатуу иштери улантылууда», - деп кошумчалады Жамшитов.

Пикир

Оставить комментарий