• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Түркиядагы эл аралык симпозиумга катышты

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-2-сентябрында Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушевдин башчылыгындагы Башкы прокуратуранын делегациясы Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржанын чакыруусу менен Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен уюштурулган Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун жаңы имаратын расмий ачуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Туркияга болгон иш сапардын алкагында башкы прокурор Зулушев Түркиянын Жогорку кассациялык соту тарабынан уюштурулган эл аралык симпозиумда баяндама жасап, Кыргызстандын прокуратура органдарында болуп жаткан реформалар жана алдыга койгон максаттар тууралуу айтып берди.

Аталган жыйында Азербайжан, Албания, Болгария, Босния жана Герцеговина, Казакстан, Македония, Өзбекстан, Катар жана башка мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагалары жана башкы прокурорлору катышты.

Ошондой эле Кыргызстандын башкы прокурору Зулушев Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы М. Акаржа жана башкы прокурору Б. Шахин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө терең көңүл бурулуп, анын ичинде жазык сот өндүрүшү, прокурордук көзөмөлдү уюштуруу багыттарындагы алдыңкы иш тажрыйбалар менен алмашуунун негизги багыттары талкууланды.

Андан сырткары, Түркиянын Юстиция академиясынын окуу жайларынын базасында Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын жандандыруу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий