• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда КР башкы прокурору Курманкул Зулушев соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга жана тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата ошондой эле ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилиги, башкармалыктардын башчылары катышты.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий