• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандарды жеке кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда, башкы прокурору Курманкул Зулушев жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда соттук териштирүүлөрдүн негизсиз создуктурулуп жаткандыгы, тергөө органдары тарабынан процесстик ченемдеринин бузулушу жана башка мүнөздөгү кайрылуулар каралды.

Ошондой эле жолугушууга Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары дагы катышты.

ЙБашкы прокурор жарандардын кайрылуулары менен талаптарына ыкчам чара көрүүнү талап кылып, тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине аларды чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилеп кетчү жагдай, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий