• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокурор кызматына Өткүрбек Джамшитовдун талапкерлиги сунушталууда

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматына Джамшитов Өткүрбек Асилбековичтин талапкерлиги сунушталууда.

Талапкердин өмүр баяны

1975-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында төрөлгөн.

Билими: жогорку.

1996-жылы КМУУ юридикалык факультетин аяктаган.

1992-1996-жж. – КМУУ, студент

1997-1998-жж. - Талас облусунун Талас шаардык прокуратурасы прокурордун стажер-жардамчысы.

1999 -2002-жж. - Талас облусунун Талас шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү.

2002 -2005-жж. - Талас облусунун Бакай-Ата райондук прокуратурасынын тергөөчүсү.

2005 -2006-жж. - Ош облусунун Алай райондук прокуратурасынын тергөөчүсү.

2006 -2008-жж. - Ош облустук прокуратурасынын тергөөчүсү.

2008 -2011-жж. - Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы, прокурордун орун басары.

2011 -2015-жж. - Баткен облусунун Лейлек райондук прокуратурасы, прокурор.

2015- 2018-жж. - Жалал-Абад облустук прокуратурасы, прокурор.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий