• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокурор менен ИИМ башчысы аймактарды кыдырат

Коом 0

Бишкек, 04.07.22./Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президент Садыр Жапаров өлкө аймактарына жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт.

"Дал ошол себептен мамлекет башчыбыз башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду", - деди ал.

Алгач Зулушев менен Ниязбеков Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Султанбаев кайсыл күнү кайсыл райондордо боло турган графигин алдын ала жарыя кылып турарын кошумчалады.

"Жергиликтүү калк аталган органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроо талабы болсо ошол жерден жетекчилигине кайрыла алышат.

Ошондой эле, адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий